Владимир Путин окуучуларга "мышыктын артынан көрүнүшү" деген сүрөт тартып берип кубантты

Орусиянын президенти Владимир Путин билим күнүндө Курган облусундагы №7-мектепте болду. Окуучуларды куттуктаган ажо эстелик үчүн интерактивдүү доскага сүрөт тартып калтырды. Сүрөттү Путин "мышыктын артынан көрүнүшү" деп атады. Президент мектептеги информатика бөлмөсү менен таанышуу учурунда мугалим: "Балдарга бул электрондук доскага кантип манжа менен сүрөт тартууга боло турганы баарынан кызык болууда",- деп билдирет. Муну уккан өлкө башчы өз колу менен сүрөт тартып берүүнү чечти. Балдардын "Биздин эң сыйлуу коногубуз эмнени тартат?",- деген суроосуна Путин "Мышыктын артынан көрүнүшү",- деп кубануу менен жооп узатканын орусиялык ММКлар жарыялашты.  

 

Айта кетсек, Путиндин коомчулук үчүн өөн учураган жоруктарынын бири анын спорттогу машыктыруучусу менен түбөлүккө коштошуу учурунда болгон. Анда президент жан сакчыларысыз Санкт-Петербургдагы көчөлөрдүн бири менен бир топко жөө басып барган эле.  

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан