Бүгүн, 4-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Максат, Мыскал, Жеткинчек, Жибек Жолу көчөлөрүндө, Айни көчөсүндөгү № 209-көп кабаттуу үйдө электр жарыгы өчүрүлөт. Ошондой эле Чүй облусундагы Жайыл районуна караштуу Ат-Башат, Эрктүү айылдарында, Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө, Аламүдүн районуна караштуу Арашан, Таш-Мойнок, Рассвет, Гроздь, Көк-Жар айылдарында электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.