Кыргызстандын токой чарбасына 30 трактор тапшырылды

3-сентябрда өлкөнүн токой чарбасына 30 трактор тапшырылганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул алынган Беларусь үлгүсүндөгү техниканын жалпы баасы 35,5 миллион сомду түзгөн. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев белгилегендей, бул техника токой чарбасы жана республиканын жаратылыш коругунда эмгектенип жатышкан кызматкерлердин күнүмдүк ишине чоң жардам болот. “Акыркы 20 жылда айыл чарба техникасын жаңылоо иши менен алектенбегенибиз жашыруун эмес. Жакында гана дыйкан жана фермердик чарбаларга лизингдин негизинде айыл чарба техникаларын берүү программасын ишке киргиздик. Алынган техника талаа ишинде сыноодон өттү жана өзүн сунуштай алды. Бул техника токой чарбасынын кызматкерлери үчүн абдан зарыл, себеби техникалык парк абдан эскирген. Өкмөт дыйкандарга жеңилдетилген насыя аркылуу мындай жардамын дагы да көрсөтө берет”,-деди Сарпашев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан