"УКМК жарыялаган видеону териштирип, аягына чыгышыбыз керек" деди депутат Исмаил Исаков

"Телеканалдардан берилген оппозицияга байланыштуу видеотасманы териштирип, аягына чыгышыбыз керек. Азыр бул видео боюнча эл арасында абдан чоң талкуу жүрүп жатат",- деди ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков. Муну төрага да колдоп, комитеттерге тапшырма бериле турганын айтты. Исаков: "Бул кимдир бирөөлөрдү жаман көрсөтүш үчүн жасалган аракетпи же чын эле өлкөнү жок кылуу аракеттери жүрүп жатабы, тактап коёлу. Азыр бири бул айтылгандар чын десе, башкалары жалган деп жатат",- деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан