Быйыл футбол боюнча КРнын көз карандысыздык Кубогун утуп алган “Алай” командасына Ош шаардык мэриясы Жип үлгүсүндөгү автоунаа жана команда үчүн бир автобус белек кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы маалымдады. Айта кетсек, 31-августта аталган мелдеште Бишкектин “Дордой” жана “Алай” командалары беттешип, жыйынтыгында 2:4 эсебинде “Алай“ командасы жеңүүчү болгон эле.