Чыңгыз Айтматовдун уулу атасынын мамлекеттик резиденциядагы дачасын 500 миң долларга сатып жибериптир

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов атасынын мамлекеттик резиденциядагы дачасын 500 миң долларга убагында сатып жиберген. Бул тууралуу бүгүн ЖКнын жыйынында Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев айтты. Муну депутат Бөдөш Мамырова сынга алды. "Ал дачаны сатып жибергендин ордуна "бул жерде улуу инсаныбыз жашаган" деп кастарлап жүрүшүбүз керек эле. Тилекке каршы, Айтматовду кыргыз эли гана эмес, анын жакындары сыйлабай баратыптыр. Минтип четинен сата берсек, бир күнү резиденциянын аймагын бир адам ээлеп калышы толук мүмкүн",- деди депутат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан