Парламенттин 4-сентябрдагы жыйынында мурда соттолгон адамдардын билим берүү тармагында иштөөсүнө тыюу сала турган “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Демилгечи депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, өспүрүмдөрдү зордуктоо кылмышы менен соттолуп камалгандарды мөөнөтүнөн мурда бошотууга да тыюу салынмакчы. Ал үчүн Эмгек кодексине, Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.