Жалал-Абал шаарындагы жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары шаардагы жеке таксисттердин көптүгүнө нааразы. Маршрутка айдаган Нурбек Кочкорбаев таксилердин көбөйүшү менен коомдук унааларга жүргүнчүлөр аз чыгып калганын айтат. "Шаар бийлиги буга чара көрбөсө болбой калды",- дейт ал. Учурда Жалал-Абад шаарында жүргүнчүлөрдү 8 фирманын айдоочулары тейлейт. 15тей автобус, 140тай кичи автобус бар экенин шаардагы Жүргүнчүлөрдү тейлөө мамлекеттик агенттигинин башчысы Кочкоралы Калыбеков билдирди. Жалал-Абад шаарында троллейбус каттамы жок. Калыбеков жеке таксисттер үчүн атайын токтотмолорду ачуу пландалып жатканын айтат. Мындайда көчөнүн каалаган жерине токтоп таксисттер жүргүнчү ала албай калышат. Мунун аткарылышын МАИ кызматкерлери көзөмөлгө алышат экен.