ЖКнын делегациясы Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү мамлекеттик министри менен жолугушту

3-сентябрда Лондондо Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев башында турган ЖКнын делегациясы Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү мамлекеттик министри А.Дункан менен жолугушту. Муну ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Кыргызстанда DFID уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Мындан сырткары, англис-кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, делегацияга доктор Реза Табризи төрагалык кылган бул коомчулуктун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан