“КТРКны сотко берүүгө учурда документтерди даярдап жатам”,- деп билдирди бүгүн, 4-сентябрда мурдагы депутат Садыр Жапаров. Айтымында, учурда адвокаттар оппозициянын пландары тууралуу сөз болгон видеотасманы КТРКга ким бергенин тактап жатышат.“Мен буга унчукпай карап тура албайм. Алар менин атымды каралашты”,- дейт Жапаров.