Жети-Өгүздөгү митингдин катышуучулары "Кумтөрдү" жаап салууну сунуштоодо
Жети-Өгүздүк айрым жарандар, аймакта болуп өткөн митингдердин катышуучулары "Кумтөр" ишканасын жаап салууну сунуштоодо. Саруу айылынын айрым тургундары бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте маалымат жыйын беришти. "Биз Саруу айылынын гана эмес Жети-Өгүз районунун жалпы Кыргызстандын жарандарыбыз. "Кумтөрдүн" жабылышын талап кылабыз. Учурда жергиликтүү тургундар 10-сентябрдагы өкмөттүн чечимин күтүп жатат. Биз "Центерранын" акцияларынын 50-50 пайыздан бөлүнүшүнө макул эмеспиз",- дейт Саруу айылынын тургуну Нарис Калчаев (сүрөттө).