Жети-Өгүздүн Саруу айылын тургундары кайрадан митингге чыгабыз дешүүдө

Жети-Өгүздөгү Саруу айылынын тургундары кайрадан нааразычылык акциясына чыгышат. Муну бүгүн, 4-сентябрда маалымат жыйын өткөргөн аталган айылдын тургундары айтышты. Алар "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды деп айыпталган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдин күнөөсү жок экенин айтышууда. "Көрсөтүлгөн видеотасма алардын пара талап кылууга күнөөлүү экенин далилдебейт. Талап кылуу башкача болот, алар жок дегенде 100 доллар алышы керек болчу. Видеотасма биздин митингдерди болтурбоо үчүн ойлоп чыгарылган ыкма. Бирок биз митингге чыга беребиз, азыр бул маселе каралып жатат",- дейт айыл тургуну Кадырбек Үсөнбаев. Айылдаштары Бактияр Курмановдун бир нече жолу соттолгонун жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин четке кагышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан