ЖК "Кумтөр" маселесин карагандан кийин Жети-Өгүздө курултай өтө турганы айтылды
10-сентябрда Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин карагандан кийин Жети-Өгүз районунда Саруу айылынын тургундары курултай өткөрүшөт. Муну бүгүн, 4-сентябрда аталган айылдын тургундары маалымат жыйында айтышты. "Жалпы курултай болуп, анда элдин кийинки аракеттери тууралуу чечим кабыл алынат",- дейт Жети-Өгүздөгү митингдердин катышуучусу Нарис Калчаев. Ал "Кумтөр" маселеси боюнча бир жыйынтыкка келүү керектигин айтат. "Бизге көмөктөшүүгө бардык кыргызстандыктарды чакырам, Ысык-Көл баарыбызга керек",- деди ал.