Бишкекте өтчү ШКУнун саммитинин конокторун тосуп алууга атайын даярдык көрүлүүдө

Бишкектеги Эл аралык "Манас" аэропортунун “Манас-2” терминалында ШКУнун саммитине мүчө мамлекеттердин делегацияларын тосуп алуу үчүн атайын даярдыктар жүрүп жаткандыгын бүгүн, 4-сентябрда аталган жайдын жетекчиси Курманбек Акишев билдирди. Айтымында, расмий тосуп алууга катыша турган бардык кызматкерлер атайын форма кийишет. “Ар бир майда иштерге чейин кылдаттык менен карап, даярдыктар көрүлүүдө, себеби ансыз кандайдыр бир чоң ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Конокторду тосуп алууга 4-5 топ дайындалган, алардын курамында 10-15 адамдан бар”,- деди Акишев. Ошондой эле ал бүгүн терминалда Кытайдын төрагасын тосуп алуу үчүн атайын даярдык көрүлөрүн билдирди. “Улуттук гвардиянын балдары, атайын оркестрдин жана биздин кызматкерлердин катышуусунда чоң даярдык көрүлөт”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан