Казакстандын Алматы шаарында дезинфекция иштерин жасап жаткан жумушчуларга мас абалындагы тургун бычак менен кол салууга аракет кылган. Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, жумушчулар тургунга тоскоолдук кылбоосун өтүнгөн. Бирок мас киши жумушчуларга агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, чөнтөгүнөн бычак алып чыгып, коркуткан.
"Биз ал адамдын үстүнөн арыз жазган жокпуз, эч жакка кайрылган да жокпуз. Биздин жумушта мындай учурлар кездешет. Андыктан тургундардан биздин ишибизге тоскоолдук кылбоосун гана суранат элем", - деген шаардагы дезинфекция иштерин жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси.
Учурда Алматы шаарында 16-этаптагы дезинфекция иштери жүргүзүлүп, ага 462 адис тартылган деп айтылат маалыматта.