"Бийлик кызмат сунуштаса барбайм, анткени Жантөрө Сатыбалдиев менен иштешким келбейт" - дейт Аликбек Жекшенкулов

Оппозиция өкүлү Аликбек Жекшенкулов бүгүн, 4-сентябрда УКМК жарыялаган видео боюнча маалымат жыйын берди. Айтымында, тасмада айтылган маалыматтардын баары жалган. Ал эми "азыркы бийлик кызмат сунуштаса барасызбы?" деген суроого "Кызматка чакырса барбайм, анткени өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен иштешким келбейт. Бул киши өкмөт башчы катары көптөгөн туура эмес иштерге жол берди, моюнунда чоң жоопкерчилик бар",- деди Жекшенкулов.  Ал эми УКМК жарыялаган видеодо оппозициянын пландары тууралуу айтып берген Эрлан Өмүралиев эч кандай тууганы эмес экенин айтып "бул боюнча калп тапкычка (детектор лжи) текшерилүүгө даярмын",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан