Каракол шаарында 300 балага ылайык бала бакча ишке киргенин бүгүн, 4-сентябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бала бакчанын имаратын оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 4 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ал эми балдардын ата-энелери тарабынан 300 миң сомдой топтолуптур. Айта кетсек, бала бакчанын имараты буга чейин Ысык-Көл мамлекеттик университетине таандык болгон.