"Кара тумоо" окуясына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова иштен кетип жатканын айтты

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова өкмөттүн кысымынан кийин иштен кетүү боюнча чечим кабыл алганын билдирди. Анын билдирүүсүндө: “Жумуштан кетүү тууралуу чечимди кабыл алдым. Башын “кара тумоо” бийлеген өкмөттүн басма сөз кызматынын берген көрсөтмөлөрүн аткарып, өзүмдүн позициямдан кайткым келбейт. Бир чети саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага зыян келтирбейин дедим. Кубануу менен кызмат кылмакмын, бирок жасалма болгум келбейт”- деп жазылган.

   

Эске сала кетсек, буга чейин Елена Баялинова кара тумоого байланыштуу “Ысык-Көлдөгү кырдаал боюнча маалыматтарды ашыкча тараттың” деп өкмөт кысым көрсөтүп жатканын айтып чыккан эле. Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматы эч кандай кысым болбогондугун билдиришкен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан