Бүгүн, 4-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) аткаруучу директору Мишелин Окуэн жетектеген директорлор кеңешинин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы делегация мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, 2010-жылдын июнь окуяларынан кийин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. “Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ар дайым жардам берип келген жана жардам берип жатат. Биз сиздер менен 1994- жылдан бери иштешип жатабыз, ушул мезгилдин аралыгында 1 миллиард доллардан ашык суммага биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды”. Өз кезегинде АӨБнын аткаруучу директору Кыргызстанды 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун маанисин белгиледи.