Ноокат районунда 4900 бала биринчи класска барды

Ош облусунун Ноокат районунда 4900 бала биринчи класска барды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2013-2014-окуу жылында райондогу мектептерде 46 100 окуучу билим алышмакчы. Быйылкы окуу жылынын ачылуу аземинде өзгөчө жаңылыгы Ноокат районунун Гүлистан айыл округунда жайгашкан Мырза Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак гимназиясында райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Көчкөнбаев Осмон, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиевдин атынан гимназиянын окуучуларын жана аталган билим берүү мекемесинин эмгек жамаатын SKYPE желеси аркылуу куттуктагандыгы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан