Кыргызстанда көзү азиздер үчүн Чыңгыз Айтматовдун 2 повести Брайль шрифтинде китеп болуп басылып чыкты

Кыргызстанда көзү көрбөгөн жана начар көргөн жарандар үчүн Чыңгыз Айтматовдун 2 повести Брайль шрифтинде китеп болуп басылып чыкты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди. Айтымында, “Биринчи мугалим” жана “Бетме-бет” повесттерин чыгарууга кеткен 26 миң сомду социалдык тармактардын колдонуучулары беришкен. Бардыгы болуп 2 чыгармадан 10 даанадан чыгарылган. Көзү азиздер үчүн атайын китепкананын жетекчиси Жумабай Исмаиловго 12  китеп, Көзү азиз жана начар көргөн балдардын Республикалык атайын жатак-мектебинин директору Калиман Урсеитовага 2 китеп берилген. Калган китептер Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдардын мектебине берилет. Эске сала кетсек, май айында Брайль шрифти менен Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повести чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан