"Обсервацияда жаткандар бир аз ызы-чуу салса эле чыгарып койбой, катуураак болуу керек", - деп бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
"Чет жактан жарандарды алып келүү туура. Бирок бир аз катуураак болсок. Алар өзүн эле эмес, үй-бүлөсүнүн, кыргыз элинин ден соолугун ойлошу керек. Кичине эле ызы-чуу салышса чыгарып койбойлу. Экинчиден обсервацияда жаткандардын шарт жагын карап койсок. Ушул маселе боюнча отурум өткөрүңүздөр", - деп депутат өкмөт башчыга кайрылды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Обсервацияда жаткандар агрессивдүү болуп, дарыгерлерге орой мамиле кылышты. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартипке чакырды. Алардын бул кылгандары туура эмес. Жарандарыбызды азап-тозок менен алып келгенбиз", - деди.
18-майда мурдагы "Ганси" авиабазасында жайгашкан "Семетей" обсервациясында Соль-Илецк шаарынан келип, жайгаштырылган жарандар ызы-чуу чыгарган.