Нарын шаарынын 145 жылдыгы 17-сентябрда белгиленет

Нарын шаарынын 145 жылдыгы 17-сентябрда белгилене турганын 4-сентябрда шаардын мэри Баатырбек Жээналиев билдирди. Иш-чаранын программасы боюнча 17-сентябрда Ж.Акималиев атындагы “Жеңиш” багынын ачылышы болот. Андан кийин М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрда салтанаттуу жыйын өтөт. Салтанаттын экинчи бөлүгү Нарын районундагы Кур-Терек ат майданында улантылып, улуттук ат оюндары болмокчу. Шаардын 145 жылдык мааракеси менен бирге Карымшак хандын жана Турдуке баатырдын 200 жылдыгы белгиленет.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан