5-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +26...+31°C, түнкүсүн +12...+17°C
Талас облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +6...+15°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +14...+19°C
Баткен облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +12...+17°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +8...+13°C
Нарын облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +6...+11°C
Бишкек шаарында күндүз +28...+30°C, түнкүсүн +14...+16°C
Борбор калаада жамгыр жаашы күтүлбөйт.