Парламенттин 4-сентябрдагы жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова орунсуз сүйлөп алып, бир катар кесиптештеринен тийиштүү жообун алды. Жыйында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланып жаткан. Сөз алган Жолдошова "Айылдык кеңеш абдан маанилүү орган. Ал жерде бийликти толугу менен партиялардын колуна берип койгонго болбойт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын эл өзү шайлашы керек. Партиялык систем деп эле баарын өзгөртө бергенибиз туура эмес. Анын үстүнө партиялык системдин мындан аркы тагдыры белгисиз, өнүгөбү, өнүкпөйбү, бул чоң суроо",- деди.
Буга трибунада баяндама жасап жаткан депутат Эркин Алымбеков "партиялык тизме аркылуу шайлоо болгону үчүн сиз бул жерде депутат болуп отурасыз. Ушул систем аркылуу ЖКнын депутаттары шайланып, өлкөдө парламенттик башкаруу өкүм сүрүп жаткан учурда партиялык системдин өнүгүшү күмөн дегендерди мамлекеттин алдыга жылышына каршы чыккандар деп эсептесек болот",- деп билдирди.
Жолдошованын сөзүнө макул эмес башка депутаттар дагы "Партиялык системге 3 жыл мурун өткөнбүз, азыр анын жол-жобосу менен жашап жатабыз",- деп чыгышты.
Айтылган сөздөрдүн чындыгына ынандыбы, айтор, Жолдошова оңгулуктуу жооп кайтара алган жок.