"Баткен облусу энелердин жана балдардын өлүмү боюнча Кыргызстанда алдынкы орунда",- деди депутат Ташполот Балтабаев "Парламент" радиосундагы түз байланыш учурунда. Айтымында, Баткен облусун өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча парламенттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын мүчөсү катары Ташполот Балтабаевге облустагы саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү камтуу жана сунуштарды киргизүү милдеттери жүктөлүптүр. Мындан улам эл өкүлү Баткен жергесинде болуп, бардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалын жеринен көрүп келгенин айтты.
Эл өкүлү Баткендеги ооруканаларда тийиштүү шарттардын жоктугун, ыкчам жасалуучу операциялар үчүн дары-дармектердин жетишсиздигин баса белгиледи. Аны менен бирге облус боюнча кургак учук дартын аныктоочу бир дагы рентген аппаратынын жоктугун, ооруканаларда медициналык жабдыктарды жана аппараттарды кароодон өткөрүп, оңдоп-түзөгөн медициналык техника тармагынын иштебей калгандыгын билдирди.
Ал эми айылдардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жаш врачтардын жоктугун, адистерге муктаж экендигин айтты. Бул багытта "Жаш дарыгерлердин депозити" программасы иш бербей жатканын билдирди. Ошондой эле депутат Баткендеги саламаттыкты сактоо тармагынын дагы бир чоң көйгөйү катары медицина мекемелеринде санитардык эрежелер сакталбай, ооруканалар таза суу менен камсыздалбай, дарылануучулар үчүн шарттар жок экендигин айтты.