Азербайжан өкмөтү Кыргызстанга бир мектеп куруп берет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен Азербайжандын КРдагы элчиси Гидаят Оруджевдин 4-сентябрдагы жолугушуусунда белгилүү болду. Элчи эки өлкө билим жаатындагы кызматташууну күчөтүү керектигин белгиледи. Министр Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн мунай, газ тармагында иштөөчү адистерди даярдоо маанилүү экендигин билдирди. Оруджев Канат Садыковду Баку шаарына чакырып, Азербайжандын билим берүү жана илим министри жана Илимдер академиясынын өкүлдөрү менен жолугуп кетүүнү сунуштады. Мектеп кайсы аймакка жана качан курулуп баштай турганы азырынча белгисиз.