Жалал-Абад. Б.Алыкулов атындагы драма театр "Күтүү" аттуу спектакль даярдоодо
Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы драма театр учурда жаңы спектакль даярдоо менен алек. Режиссёр Алымкул Исаковдун айтымында, спектакль "Күтүү" деп аталып, балдар үйүндө тарбияланган 4 кыздын ата-энесин күтүп жашаган оор күндөрүн чагылдырат. "Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен Оштон келип, ушул спектаклди даярдап жатам. Буюрса, сентябрдын аягында көрүүчүлөргө тартууланат",- дейт Исаков. Айта кетсек, Исаков Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын режиссёру.