Өткөн суткада Бишкектин "Тез жардам" станциясына 535 кайрылуу түштү. Анын 400үнө дарыгерлер тобу барышып, 135 адам ооруканага жеткирилди. 24 сааттын ичинде шаарда 6 жол кырсыгы болуп 3 адам жаракат алды, каза болгондор жок. Шопоков-Иваницин көчөлөрүнүн кесилишиндеги автокырсыктан 20 жаштагы бир кыз жана 73 жаштагы пенсионер жаракат алганы белгилүү болду.