Турсунбай Бакир уулу "тажикстандык досума мамлекеттик сыйлык берип коёлу" дейт

ЖКнын 5-сентябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу тажикстандык досуна Кыргызстандын атынан сыйлык берип коюу сунушун айтты. "Тажикстандык менин досум, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн өз учурунда салым кошкон Нурдин Темировду үйүнөн атып кетишиптир. Бул жигит 1999-жылы Баткен окуясынын негизги каармандарынын бири болгон. Экөөбүз ал аймакта көп иштерди жасаган элек. Акаев ал окуядан кийин мага мамлекеттик сыйлык берем дегенде болбой, андан көрө ошол тажикстандыкка бериңиз дедим эле. Бирок бербей койгон",- деди Бакир уулу. Депутат анын көзү өтүп кетсе да мамлекеттен көңүл буруп коюу ашыкча болбойт деп эсептейт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан