5-сентябрдагы ЖКнын жыйынында депутат Дастан Жумабеков министрлердин Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" фестивалына барышын сынга алды. Депутат өлкөдө табигый кырсыктар болуп жаткан учурда министрлердин концерт көрүп отурушу туура эмес болгонун айтат. "Биз министрлерди концерт көрсүн деп шайладык беле?",- деди ал. "Таласта болдум, ал жерде төө буурчактарды 5-6 жолу сугарыш керек болуп, суу жетпей калыптыр. Сугат маселесин чечкендин ордуна биздин министрлер премьер-министр баш болуп концертте жүрөт",- дейт Жумабеков.