Кара-Балта шаарындагы аэродром Кытайга сатылып жатыптыр
5-сентябрдагы ЖКнын
жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдун
жанындагы аэродромду өкмөт Кытайга сатканы жатканын айтып чыкты. Депутат аны жергиликтүү эл пайдаланышы керек дейт. "Мурда ал жерде Коргоо министрлигинин
кызматкерлери машыкчу. Жанында завод курулгандан бери ал жерде машыгууга, анын үстүнөн парашют менен секирүүгө мүмкүн болбой калат. Аны ат майдан кылып жергиликтүү элге беришибиз керек",- деди Мадылбеков. Ал жер сатылып кетсе, жергиликтүү тургундар жөн карап турбай турганын айтты ал.