ЖКнын 5-сентябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев КТРКнын башчысынын орун басарлыгына туура эмес кадр бекитилгенин айтып чыкты. Телеканалдын башчысы Кубат Оторбаевге орун басар болгон Кубат Болотканов боюнча эл өкүлү буларды айтты: "Болотканов буга чейин “Учкун” басмаканасынын жетекчиси болчу. Бабановдун учурунда гезиттерге акча төлөп, ар кандай буюртма материалдарды, компроматтарды чыгарып турчу. Мунун телеканалга орун басар болуп барышын кандай түшүнсөк болот? Же бизде саясат өзгөрдүбү? Ал баргандан бери ар кандай видеолор көрсөтүлүп баштады, мен Кубат Оторбаевди сак болууга чакырат элем".