Депутат: “УКМК жарыялаган видео боюнча эл парламенттин аракетин күтүп жатат”

“Оппозициянын пландары тууралуу жарыяланган видео боюнча парламенттин кандай аракет кыла турганын эл күтүп жатат”,- деди 5-сентябрдагы ЖКнын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев. “Видеону УКМК жарыялап, телеканалдардан бир нече жолу көрсөтүштү. Биз бул маселени качан карайбыз? Буга парламент өз баасын бериши зарыл”,- деди ал.  

Эске сала кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланган. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболору тууралуу айтып берген эле.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан