Бишкектеги "Аккула" ат майданын 3 аткаминер менчиктеп алыптыр
Бишкектеги “Аккула” ат майданын 3 аткаминер
менчиктештирип алганын парламентте депутат Өмүрбек Текебаев биллдирди. Айтымында, аталган жер көп жыл мурун 800 миң сомго сатылып
кеткен. “Алар мурунку чоңдор, министрлер. Аттары ким экенин деле айтып бере алам. Улуттук
ар-намысыбызды даңазалаган оюндарды өнүктүрүү керек. Эгемендүүлүк күнүнө карата
өткөрүлгөн көк бөрү мелдешине 10 миӊдей киши келип, ат майданга батпай калышты.
800 миң акчасын төлөп болсо да, ал жерди мамлекетке кайтарып алышыбыз керек”,- деди эл өкүлү.