Биз социалдык тармакта

УКМК жарыялаган видеотасма тергөө бүткөндө парламентте каралат

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков оппозициянын өлкөдө баш аламандык уюштуруу планы тууралуу айтылган видеотасма тергөө иштери бүткөндө парламентте караларын билдирди. Мындай маалыматты ал бүгүн, 5-сентябрда ЖКнын жыйынында билдирди. Айтымында, тергөө бүткөндө алгач тармактык комитет карап, андан соң жалпы жыйында каралат. “Бардыгы ачык өтүп жатат. Бул видеотасмага укуктук баа берүү керек. Тергөө иштери аяктасын”,- деди төрага.   

Белгилей кетесек, буга чейин бир катар депутаттар бул маселени ЖКнын жыйынында кароо сунушун беришкен.   

Эске сала кетсек, 2-сентябрда мурда оппозицияда жүргөн Эрланбек Өмүралиев оппозиция 8-9-10-сентябрда Кыргызстанда баш аламандык уюштура тургандыгын, ал үчүн 3 ири план иштелип чыкканын УКМКга билдирип, бул тууралуу видеотасма коомчулукка жарыяланган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан