Жалал-Абад. Чаңгыр-Таш айылындагылар "балдарыбызды орус тилинде окутабыз" дешүүдө

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Чаңгыр-Таш айылынын жашоочулары айылдагы мектепте орус тилинде билим берүүнү кайрадан жолго коюп бергиле дешүүдө. Мындай талап менен алар райондук билим берүү башкармалыгына кайрылышыптыр. Аталган башкармалыктын башчысы Абдимажит Орозалиев Чаңгыр-Таш айылында бир нече улуттун өкүлдөрү жашай турганын, буга чейин айылдагы мектеп кыргыз жана орус тилинде билим берип келгенин айтты. Бирок быйыл орус класстары жабылып, билим берүү кыргыз тилинде гана жүргүзүлүп жатыптыр. "Ата-энелердин талаптары бир чети туура. Уул-кыздары Орусияга иштегени барышат, ал жакка баргандар орус тилинен кыйналбасын деп орусча окутууга кызыгып жатышат",- дейт Орозалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан