Асылбек Жээнбеков: "Быйылкы ажылык сапар үзгүлтүккө учурабайт"

Бүгүн, 5-сентябрда төрага Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңеш жыйынынын “Ар түрдүү маселелер" бөлүгүн жыйынтыктап жатып, жыйын жүрүшүндө депутаттар тарабынан алдыда турган ажылык сапарга байланыштуу бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөнүн, жарандардан да көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын баса белгиледи. “Жарандарыбыз ажылык сапар эсеби эмдигиче ачылбай жатканына нааразы. Мен жетекчилер менен сүйлөшүп, тапшырма бердик. Эсеп ачылып жатыптыр, камтама болбоңуздар. Буюрса, быйылкы ажылык сапарыбыз үзгүлтүккө учурабайт, уюштуруучулар убадаларын берди. Бул маселенин үстүндө биз чогуу иш алпарабыз”,- деди Жээнбеков. Төрага ажылык сапарга даярдануунун жүрүшүндө квоталар үчүн пара алынып жаткандыгы тууралуу маалымат бар экенин айтты. “Ырас, арабызда пара алган шылуундар да жок эмес. Аларга пара бербеңиздер. Ажылыкка пара берип барууга болбойт. Ошондой жосундар жолугуп калса, укук коргоо органдарына кайрылыңыздар, чара көрүлөт”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан