Парламентте жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу жана жоопкерчиликти жогорулатуу демилгеси көтөрүлдү

ЖКнын бүгүнкү жыйынында жайыттарды пайдалануу жана башкаруу жаатында мыйзам бузууларга карата чара колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды. Депутат Абдулатип Режевалиевдин айтымында, жайыт пайдалануу тартибин бузгандыгы үчүн салынган айыптардын өлчөмү өтө төмөн болгондуктан, мындай чара анчалык оң натыйжа бербей жаткандыгын баса белгиледи. “Ошондуктан жайытты пайдалануу механизмдери менен айып өлчөмүн кайра кароо керек”,- деди ал. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев жайыттарды коңшу өлкөлөрдүн убактылуу пайдалануусу үчүн ижарага бербөө жөнүндө оюн билдирди. “Ал кийин көптөгөн талаштар менен нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн”,- деди эл өкүлү. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан