Биз социалдык тармакта

"Жаңы ГЭСтер курулбаса, кошуна мамлекеттерге көз каранды болуп калабыз" дейт Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы

Кыргыз өлкөсүндө жакын арада жаңы ГЭСтер курулбаса, кошуна мамлекеттерге электр энергия жактан көз каранды мамлекетке айланабыз. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айтмамат Назаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

"Жаңы ГЭСтерди курушубуз керек. Себеби Кыргыз өлкөсүнүн керектөөсү жылына 5 пайыздын тегерегинде өсүп жатат. 2010-жылы жалпы керектөө 11-12 миллиард киловатт саат болсо, 2019-жылы бул керектөө 15 миллиард киловатт саатты түздү. Демек, жакын арада өзүбүздүн кубаттуулуктарды киргизбесек, башка мамлекеттерге көз каранды болуп калабыз. Алардан электр энергияны сатып алууга туура келет. Буга чейин биз чет мамлекеттерге ашыкча электр энергияны сатып келген болсок, азыр өзүбүздүн өндүрүш, өзүбүздүн керектөө менен теңелип калды", - деген Айтмамат Назаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Атасынын баласы
2020-05-28 01:38:50
Белгисиз маршруттагы шофердой болбой, ток этээр жерин айтсанар...
+3
futboler
2020-05-28 02:08:46
Алтыныбыз бар бирок акылыбыз жок эл экенбиз, башка өлкөлөрдө жок кооз жаратылышыбызды, кен-байлыктарды, сууларды, ГЭСтерди туура пайдалана албай ар кимге көз каранды болуп отурабыз.
+4
sobr.88
2020-05-28 02:25:46
анан эмне атасынын чокусуна Узбекстанга, Казахстанга светти сатып жатыштыбы (кечиресинер менин жакшы создорумо)
+5
Agayu
2020-05-28 03:29:59
Супер инфо , эмнеге силердин макалаңарда жок ТАЖАДЫМ деген флешмобдор. Башка жаңылыктарда толтура жазып видеолору жүрөтго
0
admin_media
2020-05-28 09:14:45
Nursul
2020-05-28 08:50:38
Токтогул ГЭСин Казакстанга сатып жиберишкен деп кептерди угуп жатабыз чын эле сатылып кетти беле
+1
Bars88
2020-05-28 09:17:07
Кымбаттатыштын бир амалы казактардан сатып алдык деп 2сом 16 тыйын кылды.Ага бироо ишенсе экен
+3
Million
2020-05-28 15:04:17
Бул ошондо намёк болду окшойт,жакында электро энергия кымбаттайт деген.ГЭС курганга окмоттун бюджети жетпейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан