Учурда социалдык тармактарда #Тажадым деген аталышта челленж башталып, колдонуучулар тажаткан маселелер тууралуу нааразычылыктарын айтып, видео жүктөшүүдө. Алардын бири шоумен, тамада, алпаруучу Урмат Борченов "акыйкатсыз сот, начар медицина, тентиген эл, каралбаган балдар жана чалдар, чириген систем, жоопкерчиликтен качкан, эл-жерин саткан, паракорчулук, эч тойбогон, деги эле оңбогон бийликтен тажадым!", - деп бийликти сындаган видеосун жүктөдү.