Ош шаарында эт 20 сомго кымбаттап, муну мэрия текшере турган болууда

Ош мэриясы шаарда эттин баасы эмне үчүн кымбаттап жатканын иликтейт. Буга чейин шаардыктар эт кымбаттап кеткенин айтып мэрияга кайрылышыптыр. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүлдү, ал "Ош базарында" текшерүү жүргүзөт. Комиссияга мэриянын Каржы, экономика жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Монополияга каршы кызматынын жана башка органдардын өкүлдөрү кирди. "Шаарда эттин баасы 20 сомго көтөрүлүп кетти, учурда 1 килограмм эт 300 сом. Комиссия баалардын көтөрүлүшүнө негиз бар же жок экенин аныктайт",- дейт  Каржы, экономика жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиев. Бааларды калыбына келтирүү ушул аптанын аягына чейин аяктайт.  

 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан