“Ата-эне жыл сайын балдардын келечегине насаат айтып кат жазып турушу керек” деп психологдор кеңеш беришет. Балаңыз бой жеткенде окуй турган катка анын кызыктуу, жагымдуу окуяларын, кыйынчылыктарын, тилектерин жазсаңыз болот. Албетте, балаңызга болгон сүйүүңүздү жазганды да унутпаңыз. Жыл сайын жазган каттарды сактап коюп, балаңыз 18 жашка чыкканда белек кылыңыз. Бул каттар сиздин сүйүүңүздү жана анын балалыгын эстетип турган баа жеткис белек болот. Биздин жылдыздар да 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдарынын келечегине кат жазышты.
Атактуулардын балдарына жазган катын “Супер-Инфонун” жаңы №912 санын окуй аласыз. Балким, ал каттарды окугандан кийин сиз дагы балаңызга кат жазасыз.