Жети-Өгүздүктөр жакында эч кандай митинг өткөрбөй тургандыктарын айтышууда. Кызыл-Суу айылынын жашоочулары жыйын өткөрүшүп, ага 12 айыл өкмөттөн өкүлдөр катышыптыр. Чогулгандар "Кумтөрдөн" акча талап кылды деп айыпталган Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевге байланыштуу ишти иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп, эч кандай митинг өткөрбөй туруу чечимин кабыл алышты. Эске салсак, 29-август күнү жети-өгүздүк Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов “Кумтөрдөн” 3 миллион доллар талап кылды деп айыпталып УКМК тарабынан кармалган эле.