Жогорку Кеңеш: Төрага менен депутаттын ортосунда пикир келишпестик чыкты

Бүгүн, 5-сентябрдагы ЖКнын жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков менен депутат Өмүрбек Абдрахманов айтышып кетишти. Баяндамачы депутат Төрөбай Зулпукаров "ЖКнын регламенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору артка кайтарылганын айтып, 2-окууда колдоп берүүгө чакырды. Мыйзамдарга добуш берүүдө депутаттын ишеним катын колдонууга президент каршы пикир билдиргенин айтты Зулпукаров.  

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: “Чоң шайлоолордо бири-бирибизге ишеним кат таштасак болбойт, ар бир киши өзү үчүн гана добуш бериши керек. Төрага айрым мыйзам долбоорлорду 35-40 добуш менен деле өткөрүп койгон учурлар болот. Биз парламенттик мамлекет болгондон кийин элге ишеним беришибиз керек. Түшүнүк катты унаасына, үйүнө берсин”,- деди эл өкүлү. Буга жооп кайтарайын деген төрагага депутат "жооп бербей эле коюңуз” деди. Төрага “Эмнеге жооп бербейм? Сиз кимсиз мени тыйгыдай? Мыйзам долбоорунда ишеним кат деген болбойт деп турат, түшүндүңүзбү? Шайлоо учурунда эч ким бири-бири үчүн добуш бербейт. Сизде маданият деген жок экен”,- деди Жээнбеков. Башка депутаттар Өмүрбек Абдрахмановго кайрылышып, төрагага асылбай мыйзам долбоору боюнча пикир айтуу керектигин билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан