Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлик кызматына сынак жарыяланды. Муну 5-сентябрда мэриядан билдиришти. Учурда 5 талапкер документ тапшырыптыр. Алар: Мейманбү Акжолова, Айзат Раматиллаева, Айнура Маданова, Мая Багишева жана Малика Мустапакулова. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган кызмат ордун Гүлзат Алимбаева ээлеп, бирок өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле.