Бүгүн, 5-сентябрда БШКнын жыйынында "ата журтчу" Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ордуна жаңы депутаттар бекитилди. Алар: Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мурзабеков жана Бакыт Шаршеев. Эске сала кетсек, 20-августта Жогорку Сот 3-октябрдагы митингдеги аракеттери үчүн Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду күнөөлүү деп таап, БШК аларды депутаттык мандаттан ажыраткан эле.