Баткен РИИБи: "Шектүү 5 парашютчу украиналык спортчулар" деген маалымат жалган"

"Баткендин Сары-Жаз жайлоосундагы белгисиз 5 парашютчу украиналык спортчулар экендиги белгилүү болду" деген маалымат жалган. Муну 5-сентябрда Баткен РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. "Жайлоодогулардын билдирүүсү боюнча шектүүлөрдү издөө жүргүзүлүп, бирок эч ким табылбагандыктан издөө 31-августта токтотулган",- дешти басма сөз кызматынан. Айта кетсек, буга чейин маалымат булактарында ИИМдин шектүү парашютчулар украиналык спортчулар экендигин билдиргени боюнча маалымат жарыяланган. ИИМден бүгүн "Бул боюнча азыр текшерүү жүрүп жатат. Толугураак маалымат беребиз",- деп билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан