Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жакында төрага Асылбек Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып митинг уюштурат. Муну Акун 5-сентябрда бизге билдирди. Айтымында, төрага Асылбек Жээнбеков мыйзамга каршы иш жүргүзүп жатыптыр. “Анын төрага болууга моралдык укугу жок. 27-июнда мен Жогорку Кеңеште эсимди жоготуп жыгылганда айрым депутаттар менин кызматтык жоопкерчилигимди күзүндө кароону сунуштаса, аны добушка койбой, мени кызматтан кетирүү маселесин добушка койду”,- дейт Акун.
Акун акыйкатчылык кызматка талапкерлер үчүн сынак жарыялоону токтотуу тууралуу төрагага эки жолу кат жолдогонун айтты. “Катка жооп болгон жок. 4-сентябрда депутаттар менин кызматтан бошотулушума байланышкан маселени Жогорку Кеңеште кайра кароону айтышса, аны да добушка койбой койду. Жакында бир катар акцияларды өткөрүп, төраганын кызматтан кетишин талап кылабыз. ШКУнун саммитине байланыштуу учурда унчукпай турам”,- деп нааразы Акун.
Айта кетсек, 4-сентябрдагы ЖКнын жыйынында айрым депутаттар акыйкатчынын маселесин кайра кароону сунуш кылышты. Бирок төрага "Мыйзамдан чыга албайбыз. Акыйкатчы боюнча маселеге сот чечим чыгарат, биз аны күтүшүбүз керек",- деп билдирген эле.