Бүгүн, 5-сентябрда ЖКнын жыйынында депутат Галина Скрипкина жүйөлүү себепсиз жумушка чыкпаган депутаттарды жазалоо керектигин айтты. “Айрым депутаттар себепсиз эле жыйынга келбей коюп жатышат. Ошондуктан конституциялык мыйзам долбоору добушка коюлбай калды. Бул маселе боюнча иш алпаруу керек. ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетине тапшырма берүү керек, алар тиешелүү чечим кабыл алышсын”,- деди эл өкүлү.